• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Ошто 5 жашар бала сууга чөгүп кетти

Аймак 0

Ош, 27-июнь /Ерлан Тургунбаев – Кабар/. 24-июнда Ош шаарындагы Демократ көчөсүндө орун алган “Увам” каналындагы сууга саат 19:30 дар чамасында 5 жашар бала чөгүп кеткен. Бул тууралуу Ош шаарынын ИИБ басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматта бала жалгыз сууга түшкөнү келип, сууга чөгүп кеткени айтылат.

ӨКМдин куткаруучулары милиция кызматкерлери менен биргеликте окуя болгон жерден 3-4 км алыстыкта баланын жансыз денесин табышкан. Бул кырсык жайкы мезгилде катталган биринчи окуя. Эскерте кетсек, өткөн жай мезгилинде Ош шаарында 8 бала сууга чөккөн.

Укук коргоо кызматкерлери тарабынан көрүлгөн алдын ала чараларга карабай, бул кырсык ата-энелердин шалаакы мамилесинен улам орун алдыганы жазылат маалыматта.

Пикир

Оставить комментарий