• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Ошто 5 жаштагы бала 5-кабаттан кулап, өзүнө келбей каза болду

Кырсык 0

Бишкек, 24.01.18. /Айжамал Дуйшоева - Кабар/. Ошто үйдүн 5-кабатындагы терезеден беш жаштагы бала кулап кеткен. Бул тууралуу “Кабар” агенттигине Ош ИИБнин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, кечээ, 23-январда болжол менен саат 15:50 чамасында “Кулатов” кичи районунда жашаган 2013-жылы туулган Ибрагим аттуу бала 5-кабаттагы үйдүн терезесинен кулап кеткен.

Алдын ала маалыматка караганда, баланын апасы аны сыртынан жаап, кызын бала бакчадан алып келгени кеткен, атасы жумушта болгон.

Ал кезде бала ашкананын ачык турган терезесине чыгып, сыртты караган. Коңшулар көргөн, бирок жагымсыз окуя болуп кетет деп эч кимиси ойлогон эмес.

Терезеден кулаган бала оор абалда ооруканага жеткирилген. Бирок бала өзүнө келбей каза болгон. Ибрагим үй-бүлөдө улуусу болчу.

Милиция ата-энелерди өз балдарын үйдө жалгыз калтырбоону өтүнөт.

Пикир

Оставить комментарий