• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Ошто 5 жаштагы кыз сууга чөгүп кетти

Кырсык 0

Бишкек, 16.07.18. /Кабар/. Ош облусунун Өзгүр айылында каналга 5 жаштагы кыз чөгүп кетти. Бул тууралуу Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка караганда, 5 жаштагы кыз чоң энеси менен бирге конокко келген.

"Саат 17:00 чамасында кыз каналдын жанында ойноп жатып, тең салмактуулукту жоготуп каналга кулап кеткен. Ал чоң энеси менен жашачу, ата-энеси ажырашып кетишкен", - деп айтылат маалыматта.

Ош шаарынын милициясы шаардын жашоочуларын жана конокторун сууга түшүп жатканда коопсуздук эрежелерин сактап, балдарды жалгыз сууга жибербөөгө чакырат. Жайдын башынан бери Ошто 3 бала сууга чөгүп кеткен.

Пикир

Оставить комментарий