• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Ошто 50дөн ашуун маданият кызматкерлери сыйланды

Аймак 0

Бишкек, 03.11.17./Кабар/. Кечээ, 2-ноябрда Ош шаарында маданият кызматкерлеринин күнү салтанаттуу белгиленип, сыйлоо аземи болуп өттү. Ага Ош шаарынын мэри Айтмамат Кадырбаев, шаардык кеңештин депутаты Ашым Осмонов, маданият кызматкерлери келип катышты.

Алгач Ош шаарынын маданият башкармалыгы тарабынан аткарылган алгылыктуу иш аракеттер туурасында кыскача тасма көрсөтүлдү.

Шаар башчысы Айтмамат Кадырбаев Республикалык, эл аралык маданий иш-чараларды мыкты деңгээлде өткөрүүдө маданият кызматкерлеринин эмгеги эбегейсиз экендигин белгилеп, майрамы менен куттуктады.

“Шайыр болбой эл болбойт» - деп элибизде айтылгандай ар бир улуттун, мамлекеттин жүзүн ача турган маданияты, маданиятты алып жүрүшкөн кызматкерлери экендиги талашсыз. Маданият кызматкерлери өз өнөрлөрү менен элдин сүймөнчүгү гана болбостон мамлекеттин элчиси болушат. Ош шаарында, өлкөдө өтүп жаткан маданий иш-чараларда шаарда эмгектенип жаткан маданият кызматкерлери намысты алдырбай, патриотуулук менен кызмат кылып келе жатышат. Ош шаарынын мэриясы жасалып жаткан иш аракеттерди көмүскөгө калтырбай ар тараптан колдоп келе бермекчи. Маданият кызматкерлеринин кылган кызматы өзгөчө мактоого арзыйт”, - деди А.Кадырбаев.

Ошондой эле, жыл сайын жергиликтүү бюджеттен маданият тармагына 8,5 млн. сомдун тегерегинде каражат жумшала тургандыгын белгилеп өттү.

Салтанаттын жүрүшүндө маданияттын өсүп-өнүшүнө, элге ак ниет менен эмгек кылып өзгөчөлөнгөн 50дөн ашуун маданият кызматкерлерине Ош шаарынын мэриясынын, шаардык кеңештин, маданият башкармалыгынын ардак грамотасы жана акчалай сыйлыктары тапшырылды.

Пикир

Оставить комментарий