• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Ошто 57 даана айыл чарба техникалары жайыт комитеттеринин кызматкерлерине тапшырылды

Аймак 0

Бишкек, 30.11.17. /Кабар/. Бүгүн, 30-ноябрда Ош шаарнын борбордук аянтында Ош шаары, Ош, Баткен , Жалал-Абад облустарынын жайыт пайдалануучулар бирикмелерине 29 даана техника жана 28 даана айыл чарба шаймандарын тапшыруу аземи болуп өттү. Бул тууралуу Ош шаардык мэриясынын басма сөз кызматынан кабарлашты.

Ага Ош шаарынын биринчи вице-мэри Замирбек Аскаров, КРнын айыл чарба, тамак-аш, өнөр-жай жана мелиорация министри Нурбек Мурашев, АРИСтин аткаруучу директору Арстан Муктаров, Өкмөттүн Ош жана Жалал-Абад обусундагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрү жана өлкөнүн Түштүк регионундагы жайыт комитеттеринин башчылары жана кызматкерлери катышты.

Биринчи вице-мэр Замирбек Аскаров жайыт пайдалануучулар бирикмелеринин , алыскы аймактардагы калктын талаа иштерине жеңилдиктер жаралгандыгын айтып, баарына ыраазычылык билдирди.

Белгилей кетсек, бул иш-чара КРнын коомчулукту өнүктүрүү жана инвестициялоо агенствосу (АРИС) , КРнын айыл чарба, тамак-аш, өнөр-жай жана мелиорация министрлигинин колдоосу жана Эл аралык айыл-чарбасын өнүктүрүү фондунун (IFAD) каржылоосу менен ишке ашырылды.

Айта кетсек, бүгүнкү тапшырылган техникалар “Мал чарбасын жана рынокту өнүктүрүү – 2” долбоорунун биринчи этабы. Жалпысынан Ош, Баткен жана Жалал-Абад облустары боюнча жалпы наркы 446 млн. 992 миң 800 сомду түзгөн 173 даана атайын техника алуу пландаштырылган. Учурда 1-этап боюнча жалпы наркы 83 млн.353 миң 829 сомдук 57 даана алынды. Жакынкы айларда жалпы наркы 363 млн.638 миң 971 сом акча каражатын камтыган 116 техника алынып, Кыргызстандын жайыт падалануучуларына тапшырылат.

Жогоруда аталган техникаларга төлөнүүчү каражаттын жалпы суммасынан 20% кем эмес бөлүгү жергиликтүү бюджеттен жана коомчулуктун салымдарынын эсебинен, калган бөлүгү донор Эл аралык айыл чарбасын өнүктүрүү фонду (IFAD) тарабынан төлөнөт.

Долбоордун максаты алыскы аймактардын жайыт пайдалануучулар бирикмелерине колдоо көрсөтүү менен жайыттарды жакшыртуу, мал суу ичүүчү жайларды, жайытка баруучу жолдорду жана кичи көпүрөлөрдү оңдоо, малдын ден соолугун кам көрүү болуп саналат.

Пикир

Оставить комментарий