• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Ошто 6 адамдын өмүрүн алган кырсык. Айдоочу окуя кандайча болгонун айтып берди

Кырсык 0

Бишкек, 26.06.22. /Кабар/. Ошто милиция кызматкерлери оодарылып, 6 адамдын өмүрүн алган оор жүк ташуучу унаанын айдоочусун кармалды.

Ош облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы билдиргендей, жүк ташуучу унаанын айдоочусунун айтымында, Жаңы-Кыштак айылы менен Оштун ортосундагы Касымбеков көчөсү менен бара жатканда каршысынан жүргүнчү ташыган маршруттук унаа чыккан. Ал кагышуудан качууга аракет кылууда башкаруусун жоготуп алган жана 28 тонна көмүрү менен капталына кулап, жол четинде тургандарды басып калган.

Кырсыктын ксепетинен төмөнкүлөр каза болгон:
- 1993-жылы туулган аял А. У. Р.;
- анын балдары 4 жашар М.Т.А. жана 2 жашар М.М.А.;
- 24 жаштагы кош бойлуу аял Н.О.Ж.;
- анын кыздары 10 жаштагы Н. Р. А., 11-жаштагы О. Г. Х.

Наркологияда айдоочуну текшергенде ал спирт ичимдигин ичпегендиги аныкталды.

Кырсык боюнча КР Кылмыш-жаза кодексинин 312-беренеси боюнча кылмыш иши козголду.

Шектүү 25 жаштагы Т.уулу Б. кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Иликтөө иштери уланууда.

Пикир

Оставить комментарий