• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Ошто 7 миңге чейин адамды жумуш менен камсыздай турган текстиль фабрикасы курулууда

Президент 0

Бишкек, 09.09.20. /Кабар/. Ош шаарында 7 миңге чейин адамды жумуш менен камсыздай турган текстиль фабрикасы курулууда. Бул тууралуу бүгүн, 9-сентябрда, Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбековдун Ош шаарындагы текстиль фабрикасынын курулушунун жүрүшү менен таанышып жатканында белгилүү болду. Бул тууралуу президенттин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү билдирет.

Ишкер Нурбек Осмоновдун берген маалыматы боюнча текстиль фабрикасы кийим-кечек, шымдарды, трикотаж буюмдарын, ошондой эле кездемелерди жана тиешелүү буюм-тайымдарды чыгарат.

Ишкананын 1 жылга пландаган кубаттуулугу 10 миллион даана ар түрдүү кийим-кечек, 1,5 миң тонна жүн, 4,5 миллион погон метр кездемени түзөт.

Өндүрүштө Япония менен Германиянын шаймандары колдонулат.

Жалпы тартылган инвестициялардын көлөмү 38 миллион АКШ долларынан ашык, анын 970 миллион сому курулушка жумшалган. Фабриканын негиздөөчүлөрү өндүрүшкө өздөрүнүн 19 миллион доллар өлчөмүндөгү каражаттарын жумшап, ошондой эле "РСК Банк" тарабынан 6 миллион доллар өлчөмүндө насыялык ресурстар берилген. Келечекте Кыргыз-орус өнүгүү фонду менен кызматташууну баштоо пландалган.

Текстиль фабрикасы толук кандуу ишке киргенде, 1000ден 7000ге чейин жаңы жумуш орундарын түзүүгө мүмкүнчүлүк түзүлөт. Фабрика жылына 16 миң тонна чийки затты талап кылгандыктан, келечекте аны ата мекендик дыйкандардан сатып алуу пландалууда. Бул максатта Кара-Суу жана Ноокен райондорунда пахтаны кайра иштетүүчү заводдорду куруу белгиленген. Муну менен катар пахта майын өндүрүүчү завод курулмакчы.

Белгиленгендей, «Кыргыз Текстиль ЛТД» ЖЧКсы өлкө эгемендүүлүгүн алгандан бери аймакта курулуп жаткан биринчи текстиль фабрикасы болуп саналат.

Бүгүнкү күндө жалпы аянты 23 миң чарчы метр болгон эки тигүүчү цехтин, эмкананын, ашкананын, лабораториянын жана административдик имараттын курулушу аяктап жатат.

Президент Сооронбай Жээнбеков келечектеги ишкананын деңгээлине канааттанганын билдирди. «Кыргызстанда жасалган» бренди бир эле экологиялык жактан таза айыл чарба продукцияларында эмес, жеңил өнөр жай продукцияларында дагы ийгиликтүү болорун баса белгиледи.

Мамлекет башчысы кошумчалагандай, бул үчүн өлкөдө бардык мүмкүнчүлүктөр бар.

Мындан сырткары, Сооронбай Жээнбеков Кара-Суу жана Ноокен райондорундагы пахтаны кайра иштетүүчү заводдорду куруу пландарын кубаттады. Ал белгилегендей, жергиликтүү дыйкандар чийки пахта сатуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болушуп, анын натыйжасында эгин аянтын, ошону менен бирге эле кирешелерин көбөйтө алышат.

Мамлекет башчысы каржы-насыялык институттары — «Айыл Банк», РКӨФ, «РСК Банк» жана «Кепилдик фондунун» өкүлдөрү менен баарлашып, экспорттук продукцияны өндүргөн ата мекендик ишкерлерге жеңилдетилген насыя берүүнүн маанисине токтолду.

Андан соң, Сооронбай Жээнбеков жергиликтүү тургундар менен баарлашууда жашоонун бардык чөйрөлөрүн санариптештирүү аркылуу аймактарды өнүктүрүүнүн маанисин баса белгиледи.

Президент учурда мамлекет аймактарды өнүктүрүүгө чоң көңүл буруп, ал үчүн каржы институттарынан олуттуу каражаттар тартылып жатканын белгиледи. Бул «Кыргыз Текстиль ЛТД» фабрикасы сыяктуу ири ишканаларды курууга мүмкүнчүлүк жаратат.

Пикир

Оставить комментарий