• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Ошто 8-март Аялдардын эл аралык күнүнө карата майрамдык иш-чара болуп өттү

Аймак 0

Бишкек, 07.03.18. /Кабар/. Кечээ, 6-мартта Ош шаарынын мэриясы тарабынан 8-март-Аялдардын эл аралык күнүнө карата майрамдык салтанат болуп өттү. Ага Ош шаарынын мэри Айтмамат Кадырбаев жетектеген мэриянын өкүлдөрү, шаардык кеңештин төрагасы Жапарбек Ормонов, шаардагы баатыр энелер, эмгектин жана согуштун ардагерлери, ар кайсы тармакта эмгектенип жаткан айымдар жана коомдук ишмерлер катышты.

Шаар мэри бардык айымдарды майрамдары менен куттуктап, Аялзат - үй-бүлөнүн, жалпы адамзатынын куту, өмүрдүн булагы экендигин белгиледи.

“Бул күн дүйнөдөгү эң кымбат, эң назик энелерге гана таандык. Эне деген сөзгө таазим этүү менен бүт Кыргызстандык асылзат айымдарды, апалар, эжелер, карындаштарды бул маанилүү майрамдары менен Ош шаарынын мэриясынын жана жеке өзүмдүн атымдан чын дилимден куттуктайм. Аялзат - үй-бүлөнүн, жалпы адамзатынын куту. Өмүрдүн булагы. Сиздердин демиңиздер менен ар бирибиздин жүрөгүбүздө, ар бир үй-бүлөдө, коомубузда жылуу сезим, жакшы маанай, ийгилик жаралат.

Учурда акылы тунук, кайраты күчтүү аялдарыбыз коомубуздун бардык тармактарында үзүрлүү иштеп келе жатышат. Социалдык-экономикалык чөйрөдөгү негизги жүк да биздин энелерибиздин, аялдарыбыздын, кыздарыбыздын назик ийинине түшүп жатканын, албетте баса белгилеп кетким келет. Экономиканын, бизнестин, маданияттын жана көркөм өнөрдүн бардык чөйрөлөрүндө сиздер жаратып жаткан ийгиликтер алкоого гана арзыйт.

Өлкөбүздүн, анын ичинде ордо каалабыз Ош шаарынын туруктуу өнүгүүсүнө жалпы улуттук башкы милдеттерди, баарыдан мурда салттуу үй-бүлөлүк асыл-нарктарды бекемдөөгө, жаш муунду тарбиялоого, калктын ден соолугуна кам көрүү сыяктуу милдеттерди чечүүгө аялдардын, аялдар уюмдарынын мындан да жигердүү аракеттенүүгө чакырамын!”-деди А.Кадырбаев.

Майрамдык салтанаттын жүрүшүндө шаардын мэри өлкөбүздүн социалдык-экономикалык өнүгүүсүнө жана шаардын коомдук-саясий турмушуна активдүү катышкан бир нече айымдарга Ош шаарынын мэриясынын Ардак грамоталарын, баалуу белектерин тапшырды.

Иш-чаранын жүрүшүндө энелерге белгилүү эстрада ырчылары жана чыгармачыл инсандар концерттик программа тартуулашты.

Ага 600дөн ашуун энелер катышып, сый дасторкон жайылды.

Пикир

Оставить комментарий