• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Ошто 83 жаштагы аксакал ѳз байбичесин бычактап ѳлтүрдү

Кырсык 0

Бишкек, 18-июль /Кабар/. Ошто 83 жаштагы аксакал ѳз байбичесин бычактап ѳлтүрдү. Бул тууралу Ош шаардык милициясыннан билдирди. Маалыматка ылайык, окуя 14-июль күнү кечинде болгон.

Кылмышка шектүү делген 83 жаштагы пенсионер ѳз кѳрсѳтмѳсүндѳ, ошол күнү бир аз кызуу элем, кемпирим экѳѳбүз тамактанып отуруп, айтыша кеттик. «Мен ага «мал-жанды убагында чѳп-суусун карап койбойсуңбу» деп урушкам, ал каяша берди. Мен ачуумду токтото албай стол үстүндѳгү бычак менен кулак түпкѳ сайып жибергенмин. Ал кыйкырган боюнча эшикке качып чыкты эле», - деп түшүндүрмѳ берген.

Тергѳѳнүн алгачкы жыйынтыктары кѳрсѳткѳндѳй, маркум Арзикан Мурзаева канжалаган боюнча кѳчѳгѳ жардам сурап жүгүрүп чыгып, бирок, канды кѳп жоготкондугуна байланыштуу ѳз үйүнүн алдына жыгылып, жан берген.

Кылмышка шектүү Мурзаевдин канында алкоголь ичимдиги бар экендигин экспертиза белгиледи. Учурда шектүү адам Ош шаарындагы тергѳѳ изоляторуна киргизилген, кылмыш иши козголду.

Пикир

Оставить комментарий