• 89.11
  • 94.62
  • 0.95

Ошто «Ааламга жол айылдан башталат» аттуу фестивалы өтүп жатат

Аймак 0

Бишкек, 31.08.18. /Кабар/. Бүгүн, 31-август Кыргыз Республикасынын көз карандысыздыгынын 27 жылдыгын утурлай «Алымбек-Датка» этно-комплексинде «Ааламга жол айылдан башталат» аттуу фестивалы өтүп жатат. Ага Ош шаарынын мэри Таалайбек Сарыбашов, шаардык кеңештин төрагасы Жапарбек Ормонов, өкмөттүн Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Узарбек Жылкыбаев, шаар тургундары катышты.

«Аймактарды өнүктүрүү» жылынын алкагында Жапалак айлдык аймактык башкармалыгы тарабынан уюштурулган фестивалда айыл-чарба жарманкеси, «Боорсок» фестивалы, «Сармерден» кыз-жигит оюну, «Кыргыз каадасы» улуттук тамак-аштары жарманкеси уюштурулган.

Пикир

Оставить комментарий