• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Ошто адам өлтүрүүгө шектелген дагы эки жаранга издөө жарыяланды

Укук тартиби 0

Бишкек, 14.01.23. /Кабар/. Ошто адам өлтүрүүгө шектелип дагы эки жаранга издөө жарыяланды. Бул тууралуу Ош шаардык милициясынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, кылмышка шектелип Өзгөн районунун тургундары 1991-жылы туулган Нурбек Чубаков жана 1992-жылы туулган Актилек Абдивали уулу изделүүдө.

Эскерте кетсек, 12-январдан 13-январга караган түнү Ош шаарында уюшкан кылмыштуу топтун мүчөлөрүнө кол салуу болуп, бирөө каза тапса, экинчиси ооруканага түшкөн. Кечээ, 13-январда аталган кылмышты уюштурду делип кримтөбөл “Женго” кармалып, анын шериктери, кылмышка түздөн-түз катыштыгы бар үч жаранга издөө жарыяланган.

Пикир

Оставить комментарий