• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Ошто адамдарды сүзүп, окуя болгон жерден из жашырып кеткен 2 айдоочу кармалды

Кырсык 0

Бишкек, 21.11.17. /Ерлан Тургунбаев – Кабар/. Ош облусунун патрулдук милициясы кылмыш издөө кызматкерлери менен биргеликте адамдарды өлтүрө сүзүп, кырсык болгон жерден из жашырып кеткен эки айдоочуну кармады. Бул тууралуу Ош облусунун патрулдук милициясынын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, 19-ноябрда Ош-Сары-Таш-Иркештам унаа жолунун 120-чакырымындагы Сопу-Коргон айылынын жанында болжол менен саат 22:00 чамасында белгисиз айдоочу жөө жүргүнчүсү коюп кеткен. Ал жергиликтүү 1984-жылы туулган Н.А., аттуу тургун, окуя болгон жерден каза тапкан. Ыкчам-иликтөө иштеринин жүрүшүндө укук коргоо кызматкерлери тарабынан Кара-Суу районунун Ишкаван айылынын 34 жаштагы тургуну, “Камаз” үлгүсүндөгү оор жүк ташуучу унаанын айдоочусу кармалган.

Андан сырткары, 17-ноябрда Ош-Сары-Таш-Иркештам унаа жолунун 51-чакырымында кечки саат 19:00 чамасында жол кырсыгы катталып, натыйжада Алгабас айылынын 46 жаштагы Р.М., аттуу тургуну каза болгон.

Иликтөө ишинин жүрүшүндө “Мерседес-Бенц 230” үлгүсүндөгү унаанын айдоочусу, 1969-жылы туулган Ш.Т., аттуу жаран кармалган. Шектүү Алай районунун Гүлчө айылынын тургуну.

Эки шектүү тең убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Иликтөө иштери жүрүүдө.

Пикир

Оставить комментарий