• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Ошто адеп, ыйман жана элдин ынтымагын бекемдөө идеясын жайылтуу маселеси талкууланды

Коом 0

Бишкек, 6-март /Кабар/. КРнын Мамлекеттик жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери жана этностор аралык мамилелер агенттиги Кыргызстанда элдин биримдигин жана этностор аралык мамилелерди бекемдөө Концепциясын ишке ашыруунун алкагында Ош шаарында “Адептүү жана маданияттуу коом - мамлекеттин бүтүндүгү жана элдин биримдиги” темасында “Ыйман, адеп жана маданият” жылына арналган Форум өткөрдү. Бул тууралуу мамагенттиктин басма сөз кызматы билдирди.

Форумда мамагенттиктин жетекчилиги, КР Өкмөтүнүн Ош облусундагы өкүлүнүн биринчи орун басары, Кыргызстан Элдеринин Ассамблеясынын Ош облустук бөлүмүнүн коомдук бирикмелеринин жетекчилери, Ош шаарынын ЖОЖдорунун ректорлору, студент жаштар, жарандык коомдун жана этникалык коомчулуктардын лидерлери, Ош облустук диний уюмдардын өкүлдөрү ж.б. катышты. Катышуучулар баяндама жана кайрылууларды жасашып, өз ара пикир алмашуулар болду. Талкуулардын жыйынтыгы боюнча адеп, ыйман жана маданиятты, элдин биримдигин бекемдөө идеяларын жайылтууга багытталган сунуштар түзүлдү.

Мындан тышкары, иш-чаранын алкагында КЭАнын 14 улуттук-маданий борборлорунун ансамблдеринин концерттик программалары уюштурулуп, жергиликтүү этникалык коомчулуктардын салттуу жөрөлгөлөрү көрсөтүлдү. Мамагенттик жигердүү жана өзгөчөлөнгөн этникалык бирикмелерге ыраазычылык дипломдорун жана белектерин тапшырышты. Форумдун жыйынтыгы боюнча катышуучулар Ош облусунун жана Ош шаарынын жашоочуларына кайрылуу кабыл алышты.

Пикир

Оставить комментарий