• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Ошто чет элдик валютаны мыйзамсыз алмаштырган эки жаранга айып салынды

Аймак 0

Бишкек, 28.03.23./Кабар/. Ош аэропортунда чет элдик валютаны мыйзамсыз алмаштырган эки жаранга айып салынды.

Финансылык жөнгө салуучу органдан билдиришкендей, Улуттук банктын Ош облустук башкармалыгынын жана Ички иштер министрлигинин Ош шаарынын аэропортун аба транспортунда тейлөө бөлүмүнүн кызматкерлери тарабынан өткөрүлгөн биргелешкен рейддин алкагында, Улуттук банктын лицензиясы жок нак чет өлкө валютасы менен алмашуу операцияларын жүргүзгөндүгү үчүн К.Ы.А. жана С.у.Н. аттуу кыргыз жарандарына 17 миң 500 сомдон айыппул салды.

Пикир

Оставить комментарий