• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Ошто аял беш баласы менен көрүстөндө жашайт

Аймак 0

Ош, 19.02.18. /Ерлан Тургунбаев – Кабар/. Ош шаарына жакын жердеги Кызыл-Кыштак айылында 40 жаштагы аял беш баласы менен көрүстөндө жашайт. Бул тууралуу Ош шаардык ИИБнин басма сөз кызматы билдирет.

“Кылыч-Бурхан” көрүстөнүндөгү бул үй-бүлөнү милиция кызматкерлери жашоо шарты оор абалда болгон балдарды аныктоо боюнча жүргүзүлгөн рейддин жүрүшүндө аныкташкан.

Милициянын маалыматы боюнча, экөө анын өзүнүн балдары, ал эми үчөө – эжесинин балдары.

Балдар мектепке барышат, Бобур атындагы мектептин директору Феруза Содикова билдиргендей, Гүлжахан аларга татыктуу билим берүү үчүн бардык аракетин жумшоодо.

Анын айтымында, мектеп администрациясы да үй-бүлөгө жардам берүүгө аракет жасоодо, бирок ал аздык кылат. Аларга социалдык кызматтардын жана балдарга документ алуу үчүн юридикалык жардам керек.

Маалыматка ылайык, балдардын аталары тарабынан эч кандай жардам жок, аял балдарды өзү тарбиялап жана камсыздап келет.

Пикир

Оставить комментарий