• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Ошто аялдар арасында баскетбол жана волейбол боюнча мелдеш өткөрүлөт

Спорт 0

Бишкек, 28.02.20. /Кабар/. Үстүбүздөгү жылдын 5-6-март күндөрү Ош шаарында аялдардын эл аралык күнүнө карата аялдар арысында волейбол жана баскетбол оюну боюнча мелдеш өткөрүлөт. Бул тууралуу Ош шаардык мэриясынын басма сөз кызматы билдирет.

Мелдеш эки топко бөлүнүп өткөрүлөт: 1-топ Ош шаарында жайгашкан бардык каалоочу мекеме-ишканалардын, күч курамдардын, билим берүү, медицина жана коомдук уюмдардын кызматкерлери арасында. Ал эми 2-топ шаардагы жогорку жана орто окуу жайларынын студенттери арасында.

Мелдештин финалдык таймашында жеңишке жеткен командалар Ош шаардык дене-тарбия жана спорт комитети тарабынан дипломдор, кубоктор жана баалуу белектер менен сыйланат.

Бул мелдештин негизги максаты республикалык, эл аралык мелдештерге Ош шаарынан мыкты спортчуларды жана курама командаларды тандап алуу, спортту калк арасында пропагандалоо, аларды спорт менен машыгууга үндөө ошондой эле шаардыктардын маанайын спорт аркылуу көтөрүү болуп эсептелет. Ошондуктан шаардагы бардык каалоочу мекеме ишканалар жана окуу жайлардын командалары катыша алат.

Иш-чара 5-6-март күнү Түштүк аймактык жаштар жана өспүрүмдөр спорт мектебинде спорт залында өтөт. Мелдешке катышуу үчүн табыштамалар (Заявки) 4-мартка чейин Ош шаардык дене-тарбия жана спорт комитетинде кабыл алынат. Дареги: Ош шаары, Супаналиев көчөсү 1. Байланыш телефондор: (03222) 2-50-34, 2-76-91.

Пикир

Оставить комментарий