• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Ошто айдоочу жөө жүргүнчүнү сүзүп, качып кеткен, шектүү изделүүдө

Кырсык 0

Ош,15.10.17. /Ерлан Тургунбаев – Кабар/. Ош облусунда белгисиз айдоочу жөө жүргүнчүнү сүзүп, окуя болгон жерден ииз жашырып кеткен. Кылмышка шектүү кармала элек. Бул тууралуу облустук патрулдук милициядан кабарлашты

Маалыматка ылайык, жол кырсыгы 15-октябрда болжол менен саат 8:00дө Ош-Иркештам унаа жолунун 17-чакырымында болгон. Айдоочу “ВАЗ 2107” үлгүсүндөгү унааны башкарып бара жаткан, окуя болгон жерден арткы терезенин сыныктары табылган.

Натыйжада окуя болгон жерден Кара-Суу районунун Баш-Булак айылынын 39 жаштагы тургуну көз жумган.

Милиция окуянын кандай болгонун билген же көргөндөр болсо, анда, Ош облустук ИИБнин кызматкерлерине кабар берип коюуну өтүнөт.

Расмий маалымат боюнча, Кыргызстанда жол кырсыгынан орточо эсеп күнүнө 3 адам каза болот, 20га жакыны жаракат алат.

ИИМдин маалыматы боюнча, 2017-жыл башынан бери жол кырсыгынын натыйжасынан республика боюнча 500гө жакын адам каза болгон.

Жол кырсыгынын башкы себеби айдоочулардын жол эрежесин сактабагандык.

Пикир

Оставить комментарий