• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Ошто айдоочуларга жаңы кабыл алынган кодексттер боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлүүдө

Аймак 0

Бишкек, 12.01.22. /Кабар/. Ош облусунун аймагында айдоочуларга 2021-жылдын 1-декабрынан баштап күчүнө кирген Укук бузуулар жөнүндө кодекси боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлүүдө. Бул тууралуу облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.

Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынын кызматкерлери Автомобиль, суу транспорту жана салмак-тышкаркы өлчөмдү көзөмөлдөө агенттигинин кызматкерлери менен биргеликте Ош облусунун аймагында жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо, айрыкча жүргүнчү жана жүк ташуучу автоунаалардын катышуусундагы жол кырсыктарын болтурбоо, алдын алуу багытында айдоочулар арасында түшүндүрүү иш-чаралар жүргүзүлүп жатат.

Иш-чаранын негизги максаты — жүргүнчүлөрдү ташуучу автоунаанын айдоочуларынын жоопкерчилиги, оор жүк ташыган айдоочулардын ашыкча салмактагы жүк ташуусу кооптуу жагдайды жаратарын, ошондуктан жол кыймылынын эрежелерин так сактоо жоопкерчилигин эске салуу, жарандардын коопсуздугун камсыз кылуу.

Мындай иш-чаралар тынымсыз жүргүзүлүп турмакчы.

Пикир

Оставить комментарий