• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Ошто айдоочуларга жол эрежелери боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлүүдө

Аймак 0

Бишкек, 18.02.21. /Кабар/. Ошто айдоочуларга жол эрежелери боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлүүдө, - деп билдирет Ош шаардык мэриясынын басма сөз кызматы.

Маалыматка ылайык, күн мурун, 17-февралда Ош шаардык ички иштер башкармалыгы жүргүнчүлөрдү ташуу агенттиги менен биргеликте кичи маршруттук каттамдардын жетекчилери менен жолугуп, жыйын өткөрдү.

Жыйындын алкагында ар бир айдоочуга жетекчи тарабынан жол кырсыктарын алдын алуу, автоунаалардын техникалык абалын жакшыртуу, окуучуларды калтырбай алып кетүү, аялдамаларга токтоо эрежелери туурасында маалымат берип, түшүндүрүү иштерин жүргүзүү тапшырмаларын беришти.

Пикир

Оставить комментарий