• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Ошто аймактар ортосунда каттаган айдоочулар арасында түшүндүрүү иштери жүргүзүлүүдө

Аймак 0

Бишкек, 25.11.20. /Кабар/. Ош шаарында аймактар ортосунда каттаган айдоочулар арасында түшүндүрүү иштери күчөтүлдү.

Ош шаарынын Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынын техникалык көзөмөлдөө тобунун кызматкерлери шаардын автобекеттериндеги “Ош- Бишкек” багыты боюнча жана райондор аралык каттамдарды жүргүзгөн такси унааларынын айдоочулары менен жолугушуп, анда унаалардын техникалык абалын текшерүү, жайкы дөңгөлөктөрдү кышкыга алмаштыруу керектигин эскертип, жол эрежесин сактоо боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүзүшкөн.

Маалыматка ылайык, быйыл 10 ай ичинде Ош шаарында 369 жол кырсыгы, ал эми былтыр 447 жол кырсыгы катталган.

Пикир

Оставить комментарий