• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Ошто Айтматовдун 90 жылдыгына арналган ат үстүндөгү спорттук оюндар өтөт

Спорт 0

Бишкек, 17.10.18. /Кабар/. Ош шаарында Чыңгыз Айтматовдун 90 жылдыгына карата ат үстүндөгү улуттук спорттук оюндар өтөт. Бул тууралуу Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинен билдиришти.

Көк бөрү, ат чабыш жана эр эңиш боюнча турнирлер 29-октябрдан 3-ноябрга чейин “Төлөйкөн” ат майданында өткөрүлөт.

Көк бөрү боюнча чемпионатка 7 облустан жана Бишкек, Ош шаарларынан бирден команда катышат. Жеңишке жеткен курам “КРнын спорт чебери” наамын алат.

Байге фонду 200 миң сомду түзөт.

Эр эңиш боюнча мелдештер 60, 70, 80, 90 килограммга чейинки салмак категориялар арасында өтөт. Жеңүүчүлөр спорт чебери наамын алышат. Байге фонду 100 миң сом.

Иш-чаранын алкагында 3-ноябрда ар кандай аралыктагы ат жарыштар өтөт:

Ат чабыш – 20 миң метр;

Тай чабыш – 5 миң метр;

Кунан чабыш – 11 миң метр;

Жорго салыш – 9 миң метр;

Ат чабыш жана жорго салыш боюнча жеңүүчүлөр дагы КРнын спорт чебери наамына ээ болушат.

Пикир

Оставить комментарий