• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Ошто Айтматовдун 90 жылдыгына арналган иш-чаралар өткөрүлдү - фоторепортаж

Коом 0

Бишкек,03.11.18./Кабар/. Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбековдун катышуусу менен Ош шаарында Чыңгыз Айтматовдун 90 жылдыгына арналган иш-чаралар өткөрүлдү.

Мамлекет башчысы Ош облустук С. Ибраев атындагы улуттук драма театрында болду, ал жерде театрлаштырылган оюн тартууланды. Театрдын фойесинде Чыңгыз Айтматовдун өмүрүнө жана чыгармачылыгына арналган фото көргөзмө уюштурулган.

Көргөзмө экспозициясы менен таанышып чыккандан кийин Президент «Ош — Чыңгыз Айтматовдун таг дырында» салтанаттуу иш чарага катышып, сөз сүйлөдү.
Мамлекет башчынын сөзүнөн кийин улуттук артисттердин жана бий коллективдеринин катышуусу менен театрлаштырылган концерттик программа башталды.

Концерттик программа аяктагандан кийин Президент Сооронбай Жээнбеков Ош шаарынын аянтындагы айыл чарба продукцияларынын жарманкесин көрүп чыкты. Жарманкеге айыл чарба ишканаларынын, фермердик жана жеке көмөкчү чарбалардын продукциялары коюлган. Ош шаарынын борбордук аянтында Чыңгыз Айтматовдун чыгармаларынын негизинде театрлаштырылган сценкалар көрсөтүлдү.

Андан кийин Президент Сооронбай Жээнбеков Ош облустун ипподромдогу Чыңгыз Айтматовдун 90 жылдыгына арналган көк бөрү боюнча финалдык мелдештердин ачылышына катышты.

Мамлекет башчысы күчтүүлөргө жеңиш каалады.

Ош шаарында өткөрүлгөн Чыңгыз Айтматовдун 90 жылдыгына арналган маданий-спорттук иш чараларга өлкөбүздүн бардык облустарынан келген делегациялар катышышты.

Пикир

Оставить комментарий