• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Ошто Ак-Буура дарыясынын үстүнө жайкы сахна курулду (Сүрөт)

Коом 0

Бишкек, 30.03.18. /Кабар/. Кечээ, 29-мартта Ош шаарында Ак-Буура дарыясынын үстүнө курулган жайкы сахнанын ачылыш аземи болду. Ага КРнын премьер-министри Сапар Исаков, Ош шаарынын мэри Айтмамат Кадырбаев, шаардык кеңештин төрагасы Жапарбек Ормонов шаардын тургундары жана меймандары катышты.

Ош шаардык мэриясынын басма сөз кызматынан кабарлашкандай, өкмөт башчы жайкы сахнанын кызыл тасмасын кесип, шаардыктарды жаңы курулуш объектинин ачылышы менен куттуктады.

Айтмамат Кадырбаев Ош шаарынын инфраструктурасы жылдан жылга жакшырып баратканын, мындан ары шаарда курулуш революциясы уланаарын билдирди.

Иш-чаранын жүрүшүндө, профессионал дизайнерлердин этно-стилдеги улуттук кийимдеринин коллекциясы көрсөтүлүп, шаардыктар үчүн КРнын опера, эстрада, фольклордук жанрдагы белгилүү жылдыздарынын, белгилүү бийчилердин жана 200 комузчунун коштоосунда концерттик программа тартууланды.

Дарыянын үстүнө курулган подиум-көпүрө маданий эс алуучу иш-чараларды өткөргөн өзүнчө жай болот. Анда улуттук маданий көргөзмөлөр, концерттер, майрамдык салтанаттар белгиленмекчи.

Курулуштун тендердик баасы 16,4 миллион сомду түзүп, узундугу 60, ал эми туурасы 40 метрди түзөт.

Айта кетсек, акыркы 3 жылдын ичинде Ош шаарында 3 чоң көпүрө курулуп, пайдаланууга берилди. А.Навои көчөсүндөгү көпүрөнүн курулушуна бөлүнгөн каражатты максаттуу жана үнөмдүү пайдаланылып, үнөмдөлгөн акча каржаттын эсебинен Н.Исанов көчөсү менен Ленин көчөсүн бириктирген көпүрөнүн, Сай-Бою жана Тилеке Баатыр көчөлөрүн бириктирүүчү көпүрөнүн жана жаңыдан пайдаланууга берилген жайкы сахнанын курулушу ишке ашты.

Пикир

Оставить комментарий