• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Ошто Ак-Буура дарыясынын жээгин көрктөндүрүү боюнча ири курулуш иштери башталды

Аймак 0

Бишкек, 07.08.20. /Кабар/. Бүгүн, 7-августта Ош шаарындагы Ак-Буура дарыясынын эки жээгин бекемдөө, жашылдандыруу жана көрктөндүрүү иштери расмий түрдө башталды. Капсула салуу иш-чарасына Ош шаарынын мэри Таалайбек Сарыбашов, Ош шаардык кеңешинин төрагасы Жапарбек Ормонов жана шаар тургундары катышты. Бул тууралуу Ош шаардык мэриясынын басма сөз кызматы билдирет.

Шаар мэри Т. Сарыбашов ири долбоор шаардыктар үчүн жасалып жатканына токтолуп, шаарды иретке келтирүү иштери уланаарын билдирди.

Капсула салынганга чейин мыйзамсыз курулуштар алынып, дарыянын жээгин бекемдөө иштери башталган.

Ак-Буура дарыясынын жээктерин көрктөндүрүү, жашылдандыруу боюнча долбоор 2 этаптан турат. 1-этабында Вахапова көчөсүнөн Нурматов көчөсүнө чейин оңдолсо, 2-этабында Нурматов көчөсүнөн Навои көчөсүнө чейин оңдоо иштери жүрөт.

Долбоордо дарыянын жээгин бекемдөө, жаш балдар ойноочу аянтчалар, эс алуучу жайлар, жөө жана велосипед менен жүрүүчү жолдор, жарыктандыруу, отургучтар, көпүрөлөр курулуп, санитардык тазалоо иштери каралган.

Мындан тышкары, тазалык үчүн урналар коюлуп, велопорковкалар курулат. Дарыянын жээктерине коопсуздук үчүн тосмолор орнотулмакчы.

Шаар мэри курулуш иштерин сапаттуу жүргүзүү тапшырмасын берди.

Пикир

Оставить комментарий