• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Ошто ак таңдай акындардын айтышы болду (сүрөт)

Аймак 0

Бишкек, 05.10.17. /Кабар/. Кечээ, 4-октябрда Ош шаарынын күнүнө карата «Ак таңдай-2017» акындар айтышы болуп өттү. Бул тууралуу Ош шаардык мэриясынын басма сөз кызматы маалымдайт.

Билдирүүгө ылайык, айтышка жети облустун алп акындары катышып, Сулайман-Тоо, Ак-Буура дарыясы туурасында төгүп, кылым карыткан Ош шаарын даңазалап ырдашты.

Шаар башчысы Айтмамат Кадырбаев акын элдин элчиси экендигин айтып, бул өнөр кылымдар бою көчмөн элдерде жашап келгендигин белгиледи.

“Акын-чындыкты ыр саптары аркылуу төгүп бетке айткан, жамандык-жакшылыкты, сулуулукту даңазалаган адам. Тилинде накыл сөзү менен элди ынтымакка чакырып, жакшы маанай тартуулаган адам. Бул талант туубаса боло тургандыгын жакшы билебиз. Сөзгө чечен, кепке бай адам гана акын боло алат. Ош шаарынын күнүнө карата уюштурулган «Ак таңдай -2017» айтышына келип катышып, шаардыктарга жана конокторго төгө ырдап бергениңиздер үчүн ыраазычылык билдирем”, -деди А. Кадырбаев.

Белгилей кетсек, республикалык “Ак таңдай-2017” - төкмө акындар айтышына кыргыз эл акыны Рахматтулла Козукеев, КРнын маданиятына эмгек сиңирген ишмер Абдылда Нуралиев, акын Жыпар Арзымаматова, төкмө акын Шамырбек Тургунбаев, төкмө акын Калык Сатымкулов, маданияттын мыктысы Мамел Исраилов, КРнын эмгек сиңирген акыны Амантай Кутманалиев, “Ак таңдай” акындар ордосунун негиздөөчүсү Абдибали Акимбеков катышты.

Айтыш соңунда шаар мэри Айтмамат Кадырбаев ар бирине 15 миң сомдон акчалай сыйлыктарды тапшырды. Мындан тышкары, акындардын арасынан элдин добушу менен жеңип чыккан эки акынга 15 миң сомдон дагы кошумча акчалай сыйлык тапшырды

Пикир

Оставить комментарий