• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Ошто академик Бектемир Мурзубраимовдун 80 жылдык мааракеси белгиленди

Коом 0

Бишкек, 17.12.20. /Кабар/. Күн мурун, 16-декабрда Ош мамлекеттик университетинде Бектемир Мурзубраимовдун 80 жылдык мааракесине арналган иш-чара өттү.

Бектемир Мурзубраимов аталган университеттин мурдагы ректору, химия илимдеринин доктору, профессор, академик, КРнын Улуттук илимдер академиясынын анык мүчөсү, Борбордук Азия Элдик академиясынын академиги. Салтанатка Бектемир Мурзубраимов, Ош шаарынын мэри Таалайбек Сарыбашов, билим берүү жана илим министри Алмазбек Бейшеналиев, шаардык кеңештин төрагасы Жапарбек Ормонов жана ОшМУнун жамааты катышты.

Калаа башчысы куттуктоо сөзүн айтып, шаардык мэриянын атынан белектерди тапшырды.

Пикир

Оставить комментарий