• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Ошто “Акылдуу шаар” долбоорунун алкагында 1500 видеокөзөмөлдөөчү камера орнотулат (сүрөт)

Аймак 0

Ош, 19.01.18. /Ерлан Тургунбаев – Кабар/. Бүгүн, 19-январда Ош шаарынын мэриясынын жыйындар залында Кытай Эл Республикасынын “Хуавей” компаниясы тарабынан “Акылдуу шаар” долбоорунун презентациясы болуп өттү. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, ага Ош шаарынын мэри Айтмамат Кадырбаев, вице-мэрлер, шаардагы мекеме ишканалардын жетекчилери “Хуавей” компаниясынын жумушчу тобу катышты.

Жыйындын жүрүшүндө биринчи вице-мэр Замирбек Аскаров аталган долбоордун алкагында Ош шаарында аткарыла турган жумуштар жана пландар жөнүндө айтып берди.

“Таза коом” программасынын негизинде “Акылдуу шаар” долбоору ишке ашырылмакчы. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан “Акылдуу шаар” долбоорун ишке ашыруу үчүн атайын жумушчу топ түзүлгөн. Бүгүн, долбоорду ишке ашыруучу “Хуавей” компаниясынын өкүлдөрү долбоорду презентиция кылышты.

Ош шаарындагы көчөлөрдүн кесилишине 1,5 миңге жакын видеокөзөмөлдөөчү камералар орнотулат. Ошондой эле, жер үстүнөн жана жер астынан 90 км чубалгы тартылган. Долбоорду ишке ашыруу боюнча Ош шаарынын мэриясы “Хуавей” компаниясы менен тыгыз иш алып барат. “Акылдуу шаар" долбоору биздин шаарыбыз, өлкөбүз үчүн актуалдуу жана маанилүү. Ал жол коопсуздугу тармагындагы татаал абалды жөнгө салып, жалпысынан биздин жарандардын коопсуздугун күчөтөт. Жол коопсуздугуна байланышкан коррупцияны жоюу жана кылмыштардын бетин ачууда чоң жардам берет деп ишенебиз”,-деди З.Аскаров.

“Хуавей” компаниясынын өкүлдөрүнүн айтымында компания 30 жылдан бери иштейт. Бул убакыт ичинде Европа, Африка өлкөлөрүндө жана Душанбе шаарында да бир нече долбоорлорду ишке ашырып, тажрыйба топтошкон.

Пикир

Оставить комментарий