• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Ошто акыркы коңгуроо аземинде коопсуздук катуу көзөмөлдөнөт

Аймак 0

Бишкек, 22.05.18. /Кабар/. Ошто милиция акыркы коңгуроо аземине карата коопсуздукту катуу көзөмөлдөйт. Бул маселе боюнча бүгүн, Ош шаардык мэриясында жыйын болуп өттү. Ага Ош шаарынын вице-мэри Нурбек Кадыров, шаардык билим берүү башкармалыгынын, ички иштер башкармалыгынын жана мэриянын тийиштүү өкүлдөрү, мектептин директору жана ата-энелер катышты.

Жыйындын жүрүшүндө, Н.Кадыров тиешелүү жетекчилерге 25-26-май күндөрү мектептерде коомдук коопсуздукту камсыз кылууда иш-аракеттерди күчөтүүнү тапшырды.

“25-май күнү шаардагы бардык 55 мамлекеттик жана жеке мектептерде акыркы коңгуроо учурунда коопсуздукту укук коргоо органдарынын кызматкерлери көзөмөлдөйт. Ал эми, 25-26-май күндөрү жол кайгуул кызматынын өкүлдөрү шаардын чет жерлеринде жайгашкан эс алуу жайларына барган унааларды да көзөмөлдөйт.

Мындан сырткары, мектеп директорлоруна жана мугалимдерге Акыркы коңгуроого акча чогултууга жана окуучуларга бул күндү көңүл ачуучу жайларда белгилөөгө тыюу салынат. Ал күнү окуучулардын коопсуздугу боюнча жоопкерчилик ата-энелер менен мектеп мугалимдерине жүктөлөт. Ошондой эле билим берүү башкармалыгынын бөлүмдөрүндө күнү-түнү нөөмөт уюштуруп, фейерверк жана денеге залал келтире турган буюмдарды колдонууга тыюу салынат”,-деди вице-мэр.

Айта кетсек, быйыл Акыркы коңгуроо аземи өлкөнүн мектептеринде 25-майда саат 9:00дө жаңырат.

Пикир

Оставить комментарий