• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Ошто акыркы жарым ай ичинде санитардык нормаларды бузгандарга 132 миң сом айып салынган

Аймак 0

Бишкек, 15.10.20. /Кабар/. 14-октябрда Ош шаарынын "Курманжан-Датка" муниципалдык аймактык башкармалыгында шаардык Жарандык коргонуунун штабынын протоколдук буйругуна ылайык, санитардык-эпидемиологиялык эрежелерди жана нормаларды сактоо зарылдыгы боюнча рейд өткөрүлдү. Ага аталган муниципалдык аймактык башкармалыктын жетекчилиги, санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө борборунун, салык кызматынын, ветеринардык инспекциянын жана Мамэкотехинспекциянын адистери катышты. Бул тууралуу Ош шаардык мэриясынын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, рейддин алкагында коомдук тамактануу жайлардын кызматкерлеринин арасында, санитардык эрежелерди так сактоо зарылдыгы боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү. Жыйынтыгында Шакиров көчөсүндөгү 15ке жакын коомдук тамактануучу жайлар, соода түйүндөрү жана тейлөө жайлары текшерилип, карантиндик эрежелерди, анын ичинде беткап режимин жана социалдык дистанцияны сактоо эрежелери боюнча мурда эскертилген санитардык-эпидемиологиялык талаптарды бузгандарга административдик айып салынды.

Муниципалдык аймактык башкармалыктардын кызматкерлери рейддердин негизги максаты санитардык-эпидемиологиялык талаптарды так сактоого чакыруу, коомдук жайларда түшүндүрүү иштерин жүргүзүү экендигин баса белгилешти.

Белгилей кетсек, ушул жылдын 25-сентябрынан 14-октябрына чейин гана коомдук тамактануу, соода жана тейлөө багытындагы 475 объект текшерилип, анын жүрүшүндө санитардык талаптарды бузгандарга 132 миң сом өлчөмүндө административдик айып салынган. 14 материал укук коргоо органдарына өткөрүлүп берилген.

Айта кетсек, шаардын ар бир муниципалдык аймактык башкармалыгында тиешелүү мобилдик топтор түзүлүп, эл көп чогулган жерлерди текшерип турушат.

Пикир

Оставить комментарий