• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Ошто алдамчылыкка шектелип өзбек жараны кармалды

Аймак 0

Бишкек, 22.03.18. /Кабар/. Ошто алдамчылыкка шектелип бир жаран кармалды,-деп билдирет Баткен ОИИБнин басма сөз кызматы.

Маалыматка ылайык, үстүбүздөгү жылдын 5-январында жабырлануучу жергиликтүү милиция бөлүмүнө арыз менен кайрылган.

“Анда, 2017-жылдын 25-декабрында өзүн “Наргиза” деп тааныштырган аял киши 5390 килограмм салмактагы кара өрүгүн 409600 сомго баалап алып кетип, ушул күнгө чейин акчасын бербей, алдап жүргөндүгүн айткан”,-деп айтылат маалыматта.

Аталган факты боюнча кылмыш иши козголгон.

Жүргүзүлгөн ыкчам-иликтөө иштеринин натыйжасында, аталган кылиыш ишине тиешеси бар делип Өзбекстан Республикасынын 1986-жылы туулган Х. Н. аттуу тургуну кармалып, убактылуу кармоо жайына киргизилген.

Пикир

Оставить комментарий