• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Ошто Алмаз Атабаевдин элесине арналган волейбол боюнча эл аралык турнир өтөт

Спорт 0

Бишкек, 30.01.18. /Айжамал Дуйшоева - Кабар/. Ош шаарында 24-25-февраль күндөрү КР спорт мастери, өлкөнүн 7-жолку чемпиону Алмаз Атабаевдин элесине арналган волейбол боюнча эл аралык турнир өтөт. Бул тууралуу КР аталган спорттун түрү боюнча федерациядан кабарлашты.

Турнирге улуттук лиганын алты курамасы катышат, бир курама “А” жогорку лигасында жана бир курама Андижандан келет (Өзбекстан).

Тайпалык этапта үч айлампа боюнча мелдеш болот, ал эми финалды беш.

Турнирдин жалпы байге фонду 235 миң сомду түзөт.

1-орун — 100 миң сом,

2-орун — 70 миң сом,

3-орун — 40 миң сом,

4-орун — 25 миң сом.

Пикир

Оставить комментарий