• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Ошто алты кичи райондогу көп кабаттуу үйлөрдүн короолору жарыктандырылды

Аймак 0

Бишкек, 18.10.17./Кабар/. Ош шаарынын алты кичи районундагы көп кабаттуу үйлөрдүн короолору жакрыктандырылды. Бул тууралуу, Ош шаарынын мэри Айтмамат Кадырбаев “Курманжан Датка-2” жана “Керме-Тоо” аймактык кеңешинин тургундары менен болгон жолугушууда билдиргендигин, мэриянын басма сөз кызматынан кабарлашты.

Маалымакта ылайык, Айтмамат Кадырбаев Ош шаарында акыркы жылдары көчөлөрдүн түнкү жарык берүү системасында бурулуш болгондугун белгиледи.

“Быйылкы жылы отчеттук мезгил ичинде 522 даана чырактар орнотулуп, 16,5 км жол жарыктандырылып, бүгүнкү күндө жалпысынан 171 км жол жарыктандырылган.Учурда шаардагы 640 көп кабаттуу үйлөрдүн короолорун түнкү жарык менен камсызкылуу иштерине жергиликтүү бюджеттин эсебинен 30 млн.сом акча каражаты бөлүнүп берилип, жарыктандыруу иштери кызуу жүрүп жатат. Учурда шаардын Түштүк-Чыгыш аймактарында “Коопсуз шаар” долбоорунун алкагында короолор жарыктандырылып, колдонууга берилди. Эми Манас-Ата аймактык кеңеште иш кызуу жүрүп жатат”,- деди А. Кадырбаев.

Жолугушуунун жүрүшүндө жол, жылуулук туурасында кат жүзүндө суроолор берилип жооп алынды. Шаар мэри Айтмамат Кадырбаев көп кабаттуу үйлөрдүн чатырын жабууга, суу түтүкчөлөрүн, жылуулук системаларын алмаштырууда шаардыктарга жеңилдик берип, кош каржылоонун негизинде жаңыланып жаткандыгын түшүндүрдү.

Пикир

Оставить комментарий