• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Ошто “Алтын күз” күзгү жарышы башталды

Спорт 0

Ош, 18.10.17. /Ерлан Тургунбаев – Кабар/. Ош шаарында 17-октябрда 1500 ашуун мектеп окуучуларынын арасында “Алтын күз” күзгү жеңил атлетикалык жарышы өтүүдө.

Мелдештер 6-7, 8-9 жана 10-11-класттардын кыздар жана балдарынын арасында өтүп жатат. Жарыштын аралыктары – 300, 40, 500, 800 жана 1000 метр.

Мелдештердин жеңүүчүлөрү Ош шаардык мэриясынын дене тарбия жана спорт комитетинин №1 Балдар жана өспүрүмдөрдүн спорттук мектебинин 1,2,3-даражадагы диплом жана баалуу белектери менен сыйланат.

Жарыштын башкы калысы Савия Зарифулина белгилегендей, “Алтын күз” жарышы Ош шаарынын мектеп окуучулары арасында жеңил атлетиканы өнүктүрүү, спорттук чеберчиликти жогорулатуу, Ош шаарында жеңил атлетиканы жайылтуу, күчтүү спортчуларды тандоо максатында өткөрүлүүдө.

Пикир

Оставить комментарий