• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Ошто “Алтын түйүн” балдар академиясынын филиалы ачылды

Аймак 0

Бишкек, 23.06.22. /Кабар/. Ош облусунун Кара-Суу районунун Мады айыл өкмөтүндө “Алтын түйүн” Улуттук балдардын инженердик-техникалык академиясынын филиалы ачылды. Бул тууралуу президенттин облустагы өкүлчүлүгү билдирди.

Ачылыш аземине Ош облусунун башчысынын орун басары Данияр Жаныкулов, “Алтын түйүн” Улуттук балдардын инженердик-техникалык академиясынын директору Жаркын Бапанова жана райондук билим берүү бөлүмүнүн башчылары катышты.

Аталган академиянын филиалы КР президенти Садыр Жапаровдун тапшырмасына ылайык ачылып, облус башчысы Зиядин Жамалдиновдун колдоосу менен облустук өнүктүрүү фондунан имаратты оңдоп-түзөөгө 1,8 млн сом бөлүнгөн.

Ошондой эле Билим берүү жана илим министрлигинин колдоосу менен Азия өнүктүрүү банкы тарабынан 3,5 миллион сомдук окуу эмеректер жана техникалык жабдуулар алынган.

Жаңы 2022-2023-окуу жылында үч багытта робототехника, информатика жана техникалык моделдештирүү ийримдери уюштурулуп, Ош облусундагы талантуу окуучулар кабыл алынат жана жаш ойлоп табуучулар жана аларды окуткан мугалимдер үчүн мастер-класстар, семинарлар уюштурулат.

Эскерте кетсек, буга чейин ушундай эле филиалдар Жалал-Абад жана Баткен облустарында ачылган.

Пикир

Оставить комментарий