• 89.51
  • 96.93
  • 0.97

Ошто Алымбек Датканын 220 жылдыгына арналган илимий конференция өттү

Аймак 0

Бишкек, 18.11.19. /Кабар/. 15-ноябрда Ош шаарында көрүнүктүү тарыхый инсан Алымбек Датканын 220 жылдык юбилейине арналган “Кыргызстандын тарыхында Алымбек Датканын кыргыз мамлекеттүүлүгүн түптөөдөгү орду жана ролу” аттуу илимий-практикалык конференция болуп өттү. Ага Өкмөттүн Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Узарбек Жылкыбаев, Ош шаарынын вице-мэри Нурбек Кадыров, Облустук ардагерлер кеңешинин өкүлдөрү, тарыхый илимдердин доктор жана кандидаттары, профессорлор, жогорку окуу жайларынын мугалимдери, студенттер жана шаар тургундары катышты.

Алгач Алыбек Датка этнографиялык комлексинде гүл чамбар коюлуп, эскерүү иш чарасы болду. Андан соң илимий-практикалык конференция орун алды.

Ош шаарынын вице мэри Нурбек Кадыров Алымбек Даткадай улуу инсандардын Кыргыз мамлекетинин түптөлүшүнө кошкон салымы эбегейсиз экендигин белгилеп, тарыхта аты алтын тамгалар менен белгиленип калганын айтты.

Пикир

Оставить комментарий