• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Ошто алыш күрөшү боюнча аялдар арасында эл аралык турнир өтүп жатат

Спорт 0

Бишкек, 29-июнь /Кабар/. Бүгүн, 29-июнда Ош шаарында алгачкы ирет Курманжан Датканын элесине арналган алыш күрөшү боюнча аялдар арасында эл аралык турнир өтүп жатат. Бул тууралуу Ош шаардык мэриясынын басма сөз кызматы билдирди.

Иш-чаранын рассмий ачылышына Ош шаарынын биринчи вице-мэри Замирбек Аскаров, эл аралык “Алыш-бел боо” федерациясынын президенти Гинтаутас Вилейта, КРнын Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттигинин спорттун улуттук түрлөрү боюнча дирекциясынын директору Токсонбай Асанов, “Курманжан Датка” кайрымдуулук фондунун төрайымы Жылдызкан Жолдошева, Кыргыз Улуттук «Алыш-бел боо» федерациясынын президенти Акылбек Эшимов келип катышып куттуктоо сөздөрүн айтты.

Биринчи вице-мэр, шаар башчысы Айтмамат Кадырбаевдин атынан калыстарга тактыкты, балбандарга ийгиликтерди каалады.

Ал эми спорттун улуттук түрлөрү боюнча дирекциясынын директору Токсонбай Асановдун айтымында аталган дирекция тарабынан жалпы 970 миң сом каралган. Анын 180 миң сом байге фондун түзсө,калганы уюштуруу иштерине жумшалгандыгын кошумчалады.

Таймаштын максаты - алыш күрөшүн Кыргызстандын аймагында жана чет мамлекетке жайылтуу, ошондой эле, республикалык жана эл аралык мелдештерге катышууга шарт түзүү.

Айта кетсек, турнирде 6 салмак категория боюнча, 11 мамлекеттен келген 35 балбан кыз-келиндер күч сынашууда. Ал эми калыстар тобунда 16 мамлекеттен келген 20 калыс бар.

Белгилей кетсек, Кыргызстанда алыш күрөшү боюнча “Курманжан Датка" Гран-приси биринчи жолу Ош шаарында уюштурулуп жатат.

Пикир

Оставить комментарий