• 89.01
  • 94.71
  • 0.94

Ошто Алыш күрөшү боюнча өлкө чемпионаты жыйынтыкталды

Спорт 0

Бишкек, 14.02.22. /Кабар/. Ош шаарында Алыш бел боо күрөшү боюнча Кыргызстандын чемпионаты аяктады. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик департаментинен билдиришти.

Билдирүүгө ылайык, 10-12-февралда өткөн чемпионатка республиканын бардык аймактарынан жана Бишкек, Ош шаарынан 200 спортчу катышып, эркектер (эркин жана классикалык түрү) - 60 кг, 70 кг, 80 кг, 90 кг, 100 кг, +100 кг салмакта, кыз-келиндер (эркин жана классикалык түрү) - 55 кг, 60 кг, 65 кг, 70 кг, 75 кг, +75 кг салмакта күч сынашты.

Мелдештин жыйынтыгында байге ээлери диплом, медалдар менен сыйланып, жеңүүчүлөр Алыш бел боо күрөшү боюнча “Спорт чебери” наамына ээ болушту. Ал эми командалык мелдеште жеңип чыккандарга кубок берилди.

Алыш бел боо күрөшү боюнча 2022-жылкы чемпионатынын жыйынтыгы боюнча курама команда түзүлүп, алар Азия, дүйнөлүк чемпионаттарында, Бүткүл дүйнөлүк көчмөндөр оюндарында жана башка эл аралык мелдештерде өлкөбүздүн намысын коргошот.

Пикир

Оставить комментарий