• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Ошто апасы балдарына чычкандын дарысын берип өлтүрүүгө аракет кылган

Кырсык 0

Бишкек, 28.09.22. /Кабар/. Ошто милиция кызматкерлери апасы чычкандын дарысын берип өлтүрмөк болгон эки баланы куткарып калышты. Бул тууралуу Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматынан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, милицияга шаардагы Амир-Темир кичи шаарчасында жашап жаткан 1982-жылы туулган аял 11 жана 13 жаштагы балдарына ири көлөмдөгү "димедрол" дарысын берип, өлтүрүүгө аракет жасап жаткандыгы тууралуу билдирүү түшкөн.

Маалым болгондой, балдардын апасы Ош шаарына Кара-Суу районунан келип, убактылуу аталган даректе жашап жаткан.

Окуя болгон жерге барган Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын жашы жете электер менен иштөө инспекциясынын кызматкерлери дароо тез жардам унаасын чакырып, ыкчам тергөө тобуна кабар беришкен.

"Тез жардам унаасы келгиче милиция кызматкерлери балдарга суюктук берип, ичтерин ири көлөмдөгү дарыдан тазалоого аракет жасап турушкан. Окуя 27-сентябрда саат 16:30дар чамасында катталган", - деп айтылат маалыматта.

Балдардын апасы берген көрсөтмөсүндө алгач балдарын, анан соң өзүн өлтүрүүгө аракет жасамак болгондугун айткан. "Ал балдарына чычкандын дарысын жана "димедрол" берген. Учурда шектүүнүн үстүнөн ыкчам-тергөө тобу иштеп жатат. Аялдын мындай кадамга баруу себептери, диний-экстремисттик топтор менен байланышы жана психикалык абалы дагы текшерилүүдө. Алгачкы маалыматтарга караганда, балдардын апасы күйөөсү менен быйыл ажырашып кеткен", - деп кошумчалашты милициядан.

Учурда балдардын абалы жакшы жана саламаттыгына коркунуч жок экендиги кабарланды. Тез жардам кызматы, балдар ооруканасы тарабынан тиешелүү алгачкы жардамдар көрсөтүлдү.

Алардын мындан кийинки жашай турган жайын социалдык жактан коргоо тармактары карап жатат.

Пикир

Оставить комментарий