• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Ошто апрель - Элдик революциясынын 7 жылдыгына арналган сүрөт көргөзмө коюлду

Аймак 0

Бишкек, 5-апрель /Кабар/. Бүгүн, 5-апрелде Ош шаарынын борбордук аянтына Апрель-Элдик революциясынын 7 жылдыгына арналган фото- сүрөт көргөзмө коюлду. Көргөзмөнүн ачылышына Ош шаарынын биринчи вице-мэри Замирбек Аскаров, шаардык кеңештин төрагасы Жапарбек Ормонов, революциянын каармандары, мекеме ишканалардын кызматкерлери, аксакалдар жана шаар тургундары катышты.

“Туптуура мындан жети жыл мурда башкалабыздын «Ала-Тоо» аянтында Кыргызстандын жаңы тарыхында чоң окуя болгон. Эркиндикти, адилеттүүлүктү, калыстыкты эңсеген элибиздин эр жүрөк жигиттери, кыздары жааган окко карабастан жалпы элдин колдоосунда эски бийликти кыйратышкан. Ал күнү 90го жакын жигиттерибиз баатырларча курман болушту, жүздөгөндөр жаракаттарды алышты. Бирок, адилетсиздикке каршы чыккан азаматтарыбыз элдик бийликти орнотту.
Ыңкылаптан кийин Кыргызстан башкаруунун эң демократиялуу жана эң татаал парламенттик-президенттик башкаруу жолуна түштү.

Күндөлүк иштерде дайыма пайда боло берчү кайчы пикирлерди мурдагыдай коркутуп-үркүтүп, кысым, басым көрсөтүү аркылуу эмес, сүйлөшүүлөр, макулдашуулар, компромисстер жана консенсустар аркылуу чече баштадык.

Апрель окуясынан бери арадан жети жыл өтсө да, кырчындай уулдарынан ажыраган элибиздин көз жашы али кургай элек. Курман болгондордун ысымдары азаттыкты сүйгөн кыргыз эли барда эч качан унутулбайт, тарыхыбызга алтын тамгалар менен жазылып калат, кийинки муундардын жүрөктөрүндө да түбөлүккө жашай берет. Баатырлардын эрдигине түбөлүк даңк, курман болгондорго түбөлүк таазим”,-деди З.Аскаров.

Борбордук аянтта 20 лайтбокс орнотулуп, анда Апрель-Элдик революциясын чагылдырган 100дөн ашуун фото-сүрөттөр коюлду. Көргөзмө жергиликтүү бюджеттен каржыланды.

Пикир

Оставить комментарий