• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Ошто апрель революциясынын 8 жылдыгы белгиленди

Аймак 0

Бишкек, 06.04.18. /Кабар/. Бүгүн, 6-апрелде Ош шаарында 2010-жылы апрель революциясында курман болгондор эскерилди. Ага Ош шаарынын мэри Айтмамат Кадырбаев, шаардык кеңешинин төрагасы Жапарбек Ормонов, коомдук бирикмелердин өкүлдөрү, революциянын катышуучулары жана каза болгондордун жакындары катышты.

Алгач каза болгондор эскерилип, аларга куран окулду. Андан соң,Ош шаарынын башчысы Айтмамат Кадырбаевге сөз берилип, каза болгондордун эрдиги түбөлүк эсте кала тургандыгын белгиледи.

"2010-жылы элдин эркиндиги үчүн өз жанын аябаган эр азаматтардын элеси, алардын патриоттуулук менен барган кадамы баарыбыздын эсибизде түбөлүк калат",-деди А.Кадырбаев.

Жыйындын жүрүшүндө шаардын саясий- экономикалык өңүгүүсүнө кошкон салымы үчүн, революциянын 8 жылдыгына карата бир топ коомдук активисттер Ош шаарынын мэриясынын ардак грамота менен сыйланды.

Ошондой эле, шаардык кеңештин төрагасы Жапарбек Ормонов да революциянын бир нече катышуучусуна ардак грамота тапшырды.

Мындан тышкары 200гө жакын апрель революциясынын катышуучуларына сый-тамак берилди.

Пикир

Оставить комментарий