• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Ошто Ата-мекенди коргоочулар күнүнө карата эркектер арасында волейбол жана баскетбол мелдеши өтөт

Аймак 0

Бишкек, 15-февраль /Кабар/. Ошто 23-февраль Ата-мекенди коргоочулардын күнүнө карата 21-22-февраль күндөрү эркектер арасында волейбол жана баскетбол мелдеши өтөт. Бул тууралуу Ош шаардык мэриясынын басма сөз кызматы билдирди.

Мелдеш эки топко бөлүнүп өткөрүлөт:

1-топ, Ош шаарында жайгашкан бардык каалоочу мекеме-ишканалардын, күч курамдардын, билим берүү, медицина жана коомдук уюмдардын кызматкерлери арасында,

2-топ, шаардагы жогорку жана орто окуу жайларынын студенттери арасында.

Мелдештин финалдык таймашында жеңишке жеткен командалар Ош шаардык дене-тарбия жана спорт комитети тарабынан дипломдор, кубоктор жана баалуу белектер менен сыйланат.

“Бул мелештин негизги максаты республикалык, эл аралык мелдештерге Ош шаарынан мыкты спортчуларды жана курама командаларды тандап алуу, спортту калк арасында пропагандалоо, аларды спорт менен машыгууга үнөө ошондой эле шаардыктардын маанайын спорт аркылуу көтөрүү болуп эсептелет. Ошондуктан шаарагы бардык каалоочу мекеме-ишканалар жана окуу жайлардын командалары катыша алат.”,-деди Ош шаардык дене-тарбия жана спорт комитетинин төрагасы Кылычбек Саркарбаев.

Иш-чара 21-22-февраль күндөрү Түштүк аймактык жаштар жана өспүрүмдөр спорт мектебинде өтөт.

Табыштамалар (Заявки) 2017-жылдын 20-февралына чейин Ош шаардык дене-тарбия жана спорт комитетинде кабыл алынат.

Дареги: Ош шаары, Супаналиев көчөсү 1.

Байланыш телефондор: (03222) 2-50-34, 2-76-91.

Пикир

Оставить комментарий