• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Ошто Ата Мекенди коргоочулардын күнүнө карата эркектер арасында волейбол жана баскетбол мелдеши өтөт

Спорт 0

Бишкек, 14.02.18. /Кабар/. Ошто 23-февраль Ата-мекенди коргоочулардын күнүнө карата 21-22-февраль күндөрү эркектер арасында волейбол жана баскетбол мелдеши өтөт. Бул тууралуу Ош шаардык мэриясынын басма сөз кызматы билдирет.

Мелдеш эки топко бөлүнүп өткөрүлөт:

1-топ, Ош шаарында жайгашкан бардык каалоочу мекеме-ишканалардын, күч курамдардын, билим берүү, медицина жана коомдук уюмдардын кызматкерлери арасында, 2-топ, шаардагы жогорку жана орто окуу жайларынын студенттери арасында.

Мелдештин финалдык таймашында жеңишке жеткен командалар Ош шаардык дене-тарбия жана спорт комитети тарабынан дипломдор, кубоктор жана баалуу белектер менен сыйланат.

Мелештин негизги максаты республикалык, эл аралык мелдештерге Ош шаарынан мыкты спортчуларды жана курама командаларды тандап алуу, спортту калк арасында пропагандалоо, аларды спорт менен машыгууга үнөө ошондой эле шаардыктардын маанайын спорт аркылуу көтөрүү болуп эсептелет. Ошондуктан шаарагы бардык каалоочу мекеме-ишканалар жана окуу жайлардын командалары катыша алат.

Иш-чара 21-22-февраль күндөрү Түштүк аймактык жаштар жана өспүрүмдөр спорт мектебинде өтөт.

Табыштамалар (Заявки) 2018-жылдын 20-февралына чейин Ош шаардык дене-тарбия жана спорт комитетинде кабыл алынат.

Пикир

Оставить комментарий