• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Ошто аткезчилик жолу менен ташылып келген жүк аныкталды

Укук тартиби 0

Бишкек, 27.01.23. /Кабар/. Ошто аткезчилик жолу менен ташылып келген жүк аныкталды. Бул тууралуу Мамлекеттик бажы кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, жүк Өзбекстандан ташылып келип, "Достук" алдын ала бажы жол-жоболоштуруу жайынын жанындагы кампада сакталып турган. Салмагы 25-30 кг болгон 27 таңгак жүктө балдар кийимдери болгон. Жүктүн жалпы баасы 901 миң 200 сомду түзөт.

Ошондой эле жүктүн бажылык тариздөөдөн өткөндүгүн тастыктаган эч кандай документтери болгон эмес, анын ээси А.Д.А. (башкы тамгалар өзгөртүлдү) аттуу кыргыз жараны болгон.

Пикир

Оставить комментарий