• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Ошто автомобилдик транспорт жана жол чарба кызматкерлери сыйланды

Аймак 0

Бишкек, 27.10.17./Кабар/. Бүгүн, 27-октябрда Ош шаарында Кыргыз Республикасынын автомобилдик транспорт жана жол чарба кызматкерлеринин күнү салтанаттуу белгиленди. Ага Ош шаарынын вице-мэри Асылбек Топчубаев, шаардык кеңештин төрагасы Жапарбек Ормонов, Ош шаарынын жүргүнчүлөрдү ташуу агенттигинин, жолдор башкармалыгынын, муниципалдык автоунаа ишканасынын жана Ош-Сарыташ-Эркештам автомобиль жолунун башкармасынын №21 жолдорду тейлөө мекемесинин жетекчилери жана кызматкерлери катышты. Бул тууралуу Ош шаардык мэриясынын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, вице-мэр Асылбек Топчубаев өлкөнүн жолдорун оңдоодо, жүргүнчүлөрдү маданияттуу тейлөөдө жол чарба кызматкелеринин эмгеги чоң экендигин белгилеп, күнү-түнү , майрам күндөрү да эмгектенип жатышкандыгына ыраазычылык билдирди. Ошондой эле, Ош шаарына жолдорду оңдоп-түзөөдө жумушчуларга ыңгайлуулукту жаратып быйыл жаңы техникалар алынганын, жүргүнчүлөрдү тейлөөдө жаңы троллейбустар келгенин кошумчалады.

Ал эми Ош шаардык кеңешинин төрагасы Жапарбек Ормонов автомобилдик транспорт жана жол чарба кызматкерлери элдин турмушун жеңилдетип, алысты жакындатууда, эки жээкти бириктирүүдө эбегейсиз эмгектенип жаткандыгын айтып, ийгилик каалады.

Салтанаттын жүрүшүндө Ош шаарынын тургундарына сапаттуу кызмат көрсөтүүгө кошкон барандуу салымы жана транспорт тармагындагы ак ниет эмгеги үчүн 30га жакын автомобилдик транспорт жана жол чарба кызматкерлери Ош шаарынын мэриясынын жана Ош шаардык кеңешинин ардак грамоталары жана акчалай сыйлыктары менен сыйланышты.

Пикир

Оставить комментарий