• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Ошто аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдүн балдары маршруткаларда акысыз жүрөт

Аймак 0

Бишкек. 24.05.19 /Кабар/. Ош шаарында аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдүн мектепте окуган балдары маршруткаларда бекер жүрө алат. Тийиштүү чечимди шаардык кеңештин депутаттары кабыл алышкан.

Алар шаардык мэриясы тарабынан берилген атайын күбөлүк менен кичи автобустарга акысыз түшө алышат.

Эске салсак, Ош шаарында мектеп окуучуларына жол кире 1 сомдон 5 сомго жогорулаган. Жол кирени көтөрүү сунушу буга чейин бир канча жолу сунушталып, 14-майдагы сессияда депутаттар бул сунушту колдошкон.

Ошондой эле, 2020-жылдын 1-январынан тарта мектеп окуучулар үчүн муниципалдык транспортто жол кире 3 сом болот.

Пикир

Оставить комментарий