• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Ошто «Азаттыктын» кабарчысы Ыдырыс Исаков сабалды

Аймак 0

Бишкек. 13.05.19 /Кабар/. Ош шаарында көмүскө иш жүргүзгөн кумаркана катары сөз болгон мекемени тартып жаткан учурда «Азаттыктын» кабарчысы Ыдырыс Исаков сабалды. Журналисттин бети, колу тытылып, кийими айрылган.

Аталган жайга милиция кызматкерлери келип, журналистке кол салгандар кармалганы кабарланды.

Ушул эле окуяда «Нур» телеканалынын кабарчысы да ыдык көргөн. Кабарчынын айтымында, кумаркана болушу ыктымал деген клубдун күзөтчүлөрү анын колун кайрып, телефонундагы видеолорду өчүрүп салышкан.

Исаков Ош шаарында «Делюкс» мейманканасынын капталында жайгашкан, аты жок кумаркананы тартууга барган. Бул тууралуу ири суммада акчасын уттурган баланын ата-энеси кайрылып, 2017-жылдан бери кумаркана иштеп жатканын билдиришкен.

Жабыркаган тараптын маалыматына караганда, баласы 2017-жылдан бери 50 миң доллардай уттурган. Алар уттурган акчаны кайтарып берүүнү талап кылып жатышат. Маселе чечилбесе президентке да кайрылышарын Ыдырыс Исаковдун «Фейсбук» баракчасындагы түз берүүсүндө билдиришти.

Кыргызстанда 2012-жылдын 1-январынан тартып казино жана башка кумар оюндарына тыюу салынган. 2015-жылдын 29-апрелинен тартып букмекер кеңселерине, тотализаторлорго чектөө коюлган.

Пикир

Оставить комментарий