• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Ошто бүгүн коомдук транспорт түнкү 01.00 чейин, Бишкекте 02.00 чейин иштейт

Коом 0

Бишкек, 31.12.18 /Кабар/. Ош шаарында 31-декабрдан 1-январга караган түнү коомдук транспорттор түнкү саат 01.00 чейин иштейт. Бул тууралуу шаардын мэриясы билдирди.

Майрамдык иш-чараларга келген шаар тургундарын жана конокторун коомдук транспорттор менен жеткиликтүү камсыз кылуу максатында тиешелүү ишканалар буйрук чыгарышты, деп кабарлады мэрия.

Кичи автобустар менен троллейбустар шаардын бардык аймактарына элди ташыйт.

Эске салсак, Бишкекте Жаңы жылда коомдук транспорт түнкү 02.00 чейин иштейт.

Пикир

Оставить комментарий