• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Ошто баңгизат менен кармалган жаран өзүн-өзү өлтүрүүгө аракет кылган

Аймак 0

Бишкек, 09.04.21. /Кабар/. Ош шаарында милиция кызматкерлери өзүн-өзү өлтүрүүгө аракет кылган жаранды куткарып калды. Бул тууралуу шаардык ички иштер башкармалыгынан билдиришти.

Бүгүн, 9-апрелде саат 6:30дар чамасында Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын убактылуу кармоочу жайында отурган жаран өзүн-өзү өлтүрүүгө аракет жасаган. Ал ич кийиминен аркан жасап, жылытуучу трубага асынууга аракет кылган.

Милиция кызматкерлери эсин жоготкон адамга жасалма дем алдыруу көнүгүүлөрүн жасап, өмүрүн сактап калышкан. Куткарылган жаран тез жардам кызматына өткөрүлдү.

Шектүү буга чейин ири салмактагы баңгизат алып жүргөн жеринен Жалал-Абад облусунун аймагынан кармалган.

Пикир

Оставить комментарий