• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Ошто баңгизаттарды таратуу менен алектенген топтун мүчөлөрү кармалды

Укук тартиби 0


Бишкек, 19.01.21. /Кабар/. Ош шаарында ИИМдин Криминалдык милиция кызматкерлери тарабынан баңгизаттарды таратуу менен алектенген топтун мүчөлөрү кармалды.

ИИМден кабарлашкандай, 2020-жылдын декабрь айынын аягында ИИМдин Криминалдык милиция кызматынын аймактар аралык башкармалыгынын кызматкерлери баңгизаттарды таратуу менен алектенип жана аны сатууга кардарларды издеп жаткан жаран боюнча ыкчам маалымат алышкан.

Аталган факты Жазык кодексинин 267-беренеси (Баңгизаттарды, акыл-эске таасир берүүчү каражаттарды, жана алардын аналогдорун сатуу максатында мыйзамсыз даярдоо) боюнча сотко чейинки өндүрүш башталган.

2021-жылдын январь айынын башында аймактар аралык башкармалыгынын ыкчам кызматкерлери гашиш баңгизатын саткан бир нече фактыны аныктаган. 6-январда Ош шаарынын көчөлөрүнүн биринен 28 жаштагы К.А. аттуу жарандын башкаруусундагы "Форд-Мондео" автоунаа токтотулган. Шектүүгө өздүк кароо жүргүзүү учурунда баңгизатты сатуудан түшкөн 3 миң сом акча каражаты табылып алынган. К.А.дан табылып алынган акча каражаты ыкчам издөө иш-чараларында колдонулган акчанын номерине дал келген.

Ошол эле күнү Ош шаарында баңгизаттар менен алектенген уюшулган топтун мүчөсү катары ИИМдин ыкчам каттоосунда турган 42 жаштагы Д.К. аттуу жарандын жашаган жери боюнча тергөө жана издөө иш-чаралары жүргүзүлгөн. Баңгизаттарды таратууга шектелген жарандын үйүн тинтүү учурунда жашырып койгон жеринен сатууга атайын дозалары менен даярдалган баңгизаттар табылып алынган.

Жалпысынан жалпы салмагы 40 грамм болгон өзгөчө жыты бар 7 баштыкка салынган жана ширеңкенин эки кутусуна салынган заттар табылып алынды. Ошондой эле шектүүдөн баңгизатты сатуудан алган мурда белгиленген 5 миң сом акча каражаты табылды.

Андан сырткары уруксат берүүчү документтери жок болжол менен газ травматикалык тапанча табылды.

Соттук-химиялык экспертизанын маалыматына ылайык табылып алынган заттар 24,53 грамм гашиш жана 5,94 грамм марихуана экендиги аныкталды.

Кармалган жарандан камакка алынды.

Пикир

Оставить комментарий