• 89.11
  • 94.62
  • 0.95

Ошто баңгизатты сатууга шектелген жаран кармалды

Укук тартиби 0

Бишкек, 04.11.20. /Кабар/. Ошто баңгизатты сатууга шектелген жаран кармалды. Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын ИИМдин Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшү кызматынан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, жүргүзүлгөн атайын ыкчам-тергөө иш-аракеттеринин жана тинтүү амалдарынын натыйжасында, Ош шаарындагы үйлөрдүн биринде боз күрөң түстөгү, өзгөчө жыты бар 1 килограмм 139 граммды түзгөн зат табылып алынган.

Экспертизанын корутундусуна ылайык, алынган зат “героин” баңгизаты экендиги аныкталган.

Тергөө кызматы тарабынан Кыргыз Республикасынын Жазык кодексинин 267-беренесинде көрсөтүлгөн белгилер менен кылмыш иши козголду.

Шектүүнүн баш коргоо чарасы каралып, убактылуу камакка алынган.

Пикир

Оставить комментарий